top of page

Жон Маккрей

ФЛАНДРИЯ ТАЛААСЫНДА 

 

Фландрия талаасында гүлдөйт кызгалдак,

Ачалардын ичинде, катар акырын,

Биздин жаткан жерлерди жаңсап; асманда

Сайрайт дале торгойлор, сайрап жатыры,

Добуштары угулат аста, акырын.

 

Биз – маркумдар. Жакында жашап, кыярып,

Өчтүк, көрдүк шамалдын тунук кыялын.

Сүйдүк жана сүйүлдүк, эми жатабыз,

Талаасында жатабыз Фландриянын.

 

Эми силер киргиле салгылашка бу,

Душман менен күрөшүп, салгылашканы.

Бердик тууну, бекемдеп тутуп алгыла!

Алдасаңар эгерде бизди, башканы,

Уктай деле албайбыз жайнап кызгалдак

Талаасында өссө да Фландриянын.

Перевод Аиды Эгембердиевой

bottom of page